БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин КР президенти Алмазбек Атамбаев менен жолукканда ага Александр Невский атындагы орден тапшырды.
© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин КР президенти Алмазбек Атамбаев менен жолукканда ага Александр Невский атындагы орден тапшырды.
Россиянын президенти Владимир Путин КР президенти Алмазбек Атамбаев менен жолукканда ага Александр Невский атындагы орден тапшырды.
© Sputnik / Михаил Климентьев
/ Россиянын президенти Владимир Путин Бишкекке КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин мааракелик жыйынына катышуу үчүн келген. Ишемби күнү мамлекет башчыларынын эки тараптуу жолугушуусу белгиленген. Ошондой эле "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине баруу дагы каралган. Бүгүн Алмазбек Атамбаев 60 жашка чыкты.
Жолугушууда РФ президенти Путиндин Атамбаевди эки тараптуу кызматташууга кошкон салымы үчүн сыйлоо жөнүндөгү жарлыгы окулду.
Александр Невский атындагы орден Россия империясында 1725-жылдан 1917-жылга чейин болуп келген. СССРде 1942-жылы кайта калыбына келтирилген. 1992-жылы Россиянын мамлекеттик сыйлыктарынын катарына киргизилген.