БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Экс-муфтий, аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалиловдун энеси Гүлжамал Сакыева 64 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аалымдын жардамчысы Улан Давлеткулов билдирди.
Ал экс-муфтий буга чейин апасы ооруп жүргөндүгүн айтканын кошумчалады.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең Жалал-Абаддагы Базар-Коргон районуна караштуу Баймундуз айылында саат 10:00дө болот.