БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Дубайдын шаардык сотунда Кыргызстандын жарандарынын үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча отурум уланууда. Бул тууралуу Gulf News интернет сайты маалымдады.
Эске салсак, былтыр декабрда алты кишиден турган топ шаардын Al Karama аймагындагы Al Razouki Exchange акча алмаштыруу жайына кол салып тоношкон. Алар 700 миң дирхамды (190,5 миң доллар) уурдап, окуя болгон жерден BMW үлгүсүндөгү машина менен качып кеткендиги айтылган. Кийин полиция беш жаранды кармаган, алардын төртөө кыргызстандык болуп чыккан.
Полициянын маалыматына ылайык, уурулардын башчысы Б.Б. буга чейин Э.М. деген аттуу жаран менен өлкөдөн чыгарылганы аныкталган. Дубайга мыйзамсыз жол менен кирип, уурулукка баргандар акчаны мекенине жиберүүгө үлгүрүшкөн.
Соттун жүрүшүндө эки айыпталуучу алар түшүп качып кеткен машинаны 12 миң дирхамга (3,2 миң долларга) алганын моюндашкан. Бирок номерди уурдап алып, машинаны өрттөп жиберди деген кине менен макул эместигин айтышкан. Ошондой эле алар акча алмаштыруу жайынын кызматкерлери менен кардарларга кол салды деген айыптоону четке кагышкан. Кийинки сот отуруму 19-октябрга пландалды.