БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Бишкектеги Шабдан баатыр көчөсүндө Форумдун имаратынын жанында маршруттук такси ала салып, жети киши жабыркаганын Sputnik Кыргызстан агенттигине тез жардам кызматынын билдиришти.
"Канча киши жабыркаганын так билбейбиз, бирок биздин машина жети кишини алып кетти. №138 каттамдагы маршруттук такси ала салып кетиптир", — деп тез жардам кызматынан маалымдашты.
![Бишкектеги Шабдан Баатыр көчөсүндө Форумдун имаратынын жанында маршруттук такси ала салып, жети киши жабыркады Бишкектеги Шабдан Баатыр көчөсүндө Форумдун имаратынын жанында маршруттук такси ала салып, жети киши жабыркады - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102932/77/1029327799_59:0:1204:720_600x0_80_0_0_50daf301798e73bc35560abb428c9835.jpg)
![Окуяга күбө болгондордун айтымында, маршрутка Шабдан Баатыр көчөсү менен ылдый катуу ылдамдыкта келе жаткан Окуяга күбө болгондордун айтымында, маршрутка Шабдан Баатыр көчөсү менен ылдый катуу ылдамдыкта келе жаткан - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102932/78/1029327850_53:0:1198:720_600x0_80_0_0_0d01de71e3e56264f9868834e4dfe3f6.jpg)
![Айдоочу рулду башкара албай калдыбы, айтор ал каршы тараптагы жолго чыгып кетти. Капталынан жыгылып, бир канча метрге чейин сүрүлүп барды, — дейт окуянын күбөсү Айдоочу рулду башкара албай калдыбы, айтор ал каршы тараптагы жолго чыгып кетти. Капталынан жыгылып, бир канча метрге чейин сүрүлүп барды, — дейт окуянын күбөсү - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102932/79/1029327933_91:0:1236:720_600x0_80_0_0_0bd1dce8e189f6f8ce53732886bf4769.jpg)
![Ошол аймакта дүкөндө соода кылган аял катуу тарс деген үн чыкканда сыртка чуркап чыкканын айтат Ошол аймакта дүкөндө соода кылган аял катуу тарс деген үн чыкканда сыртка чуркап чыкканын айтат - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102932/83/1029328355_112:0:1257:720_600x0_80_0_0_11779853a42dea6bea781cbe9f9de592.jpg)
![Капталынан жыгылып калган маршруттук таксини окуяга күбө болгондор тургузушкан Капталынан жыгылып калган маршруттук таксини окуяга күбө болгондор тургузушкан - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102932/83/1029328304_135:0:1280:720_600x0_80_0_0_ede3ec0de0b862c848c4566b14e76d82.jpg)
Окуяга күбө болгондордун айтымында, маршрутка Шабдан баатыр көчөсү менен ылдый катуу ылдамдыкта келе жаткан.
"Айдоочу рулду башкара албай калдыбы, айтор, ал каршы тилкеге чыгып кетти. Капталынан жыгылып, бир канча метрге чейин сүрүлүп барды", — дейт окуянын күбөсү.
"Маршрутка 5 метрдей сүрүлүп, дал менин алдыма келип токтоп калды. Ичиндегилер кыйкырып жатышты. Мен дароо эле биздин кароолчуга чуркап келип, жол кырсыгы болгонун айттым", — деди ал.
Капталынан жыгылып калган маршруттук таксини окуяга күбө болгондор тургузушкан.
Шаардык милиция жол кырсыгы болгонун тастыктап, окуя болгон жерде ыкчам-иликтөө тобу иштеп жатканын белгиледи.
Жол кырсыгы болгон жерден тартылган кадрларды Sputnik Кыргызстандын видеосунан көрүңүздөр>>