00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ортон колдой болгону менен алабармандыгы, алп ооздугу бар экен — түшүндүңүзбү?

© Sputnik / Табылды КадырбековКырчында көрсөтүлгөн театралдык көргөзмөдөн архивдик сүрөт
Кырчында көрсөтүлгөн театралдык көргөзмөдөн архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз тилиндеги фразеологизмдерди жакшы билбеген адамдар алп ооз, ак эттүү, алагүү деген сөздөрдү укса эмне тууралуу кеп болуп жатканын түшүнбөй калаары анык. Айнаш бүгүн көз жарыптыр десе "көзү кантип жарылып кетсин" деп таңыркагандарды дагы көрүп калдык…

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Айида Батырбекова. Бүгүн "Тибиртке" рубрикасында фразеологизмдерди чечмелөөнү улантабыз. Ал үчүн Мамлекеттик тил комиссиясы жардамга келди.

Ит арка — бир пикирге келишпегендик, ыйкы-тыйкы, чыр-чатак. Мисалы: биз алар менен ит арка болуп кирип-чыгышпай калдык.

Нуска документ. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аннотация, аварийная подписка, анализ — юридикалык атоолорду кыргызча айталы…
Териси тар — сөз көтөрүмү жок, бир нерсеге бат тырчыган, ачуусу чукул. Мисалы: териси тар болсо бая эле кырс этип кабагын салып калат эле.

Иттин кара капталынан — абдан көп, арбын, мол. Мисалы: акчасы иттин кара капталынан.

Ортон колдой — эң сонун, мыкты, жарамдуу. Мисалы: анын уулу ортон колдой киши болуптур.

Өпкөсүн калбыр кылуу — аябай жалынып-жалбара берүү, өпкө-жүрөгүн чабуу. Мисалы: өпкөсүн калбыр кылып жалынды.

Тиш каккан — токтолгон, бир нерсеге кадик болгон, дасыккан. Мисалы: тиш каккан немелер өзүлөрүн токтоо кармап, олуттуу маселелер жөнүндө гана сүйлөшөт.

Үнүң өчкүр — кулак-мээни жеп, кыйкырып-өкүрүп катуу дабыш салып, тажатып жиберген адамга карата кыжырлануу маанисинде колдонулат. Мисалы: и-ий, үнүң өчкүр.

Ак койдон аңкоо, боз койдон момун — эч нерсени көрбөгөн, билбеген, билүүгө кызыкпаган, билсе да билмексенге салган, куу, митаам. Мисалы: Асан бизге ак койдон аңкоо, боз койдон момун болуп көрүнгөн.

Ак эттүү — тез арыктап кетпеген, этин бир калыпта сактаган, чыдамкай, бышык. Мисалы: ак эттүү мал.

Алабарман — алды артын карабаган шашма. Мисалы: алабарман адамга акыл айтсаң тыңшабайт.

Аргымак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жабагы, кунан, аргымак, ат, бышты — айырмасын билесизби?
Ала канат — туруксуз, жеңил мүнөз, мактанчаак, шайкелең. Мисалы: Ала канат жигитке кылтыңдаган кыз жакшы.

Алагүү — чала мас, кызымтал, анча-мынча кызуу, өтө мас эмес. Мисалы: тойго келбей жатып алакүү болуп калыптыр.

Алеп-желеп болуу — кандайдыр бир кубанычтан, сүйүнүчтөн көңүл эргүү, жүрөгү алып учуу, толкунданып токтоно албоо. Мисалы: бала катты окуп алып алеп-желеп болуп сүйүндү.

Алп ооз — оозуна келген сөздү ылгабай, тергебей сүйлөй берген, оозу менен оттоп коймо. Мисалы: алп ооз Чоюбек дагы кеп кыстарды.

Жаңылыктар түрмөгү
0