БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин урматына орнотулган эстеликтин ачылышына премьер-министр Сооронбай Жээнбеков катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Өкмөт башчы убагында Усубалиев менен бирге иштешип калууга оңтойлуу шарт түзүлгөнүн билдирди.
![Церемония открытия памятника государственному и общественному деятелю, герою КР Турдакуну Усубалиеву Церемония открытия памятника государственному и общественному деятелю, герою КР Турдакуну Усубалиеву - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102934/18/1029341866_0:0:1071:1600_600x0_80_0_0_dc192c5fc03f2708c81b64e8e366092e.jpg)
"Турдакун Усубалиев 70 жыл бою партиялык жана мамлекеттик кызматтарды аркалады. 1961-1986-жылдар аралыгында Кыргыз ССРнин Коммунисттик партиясынын биринчи катчысы болуп турду. Усубалиев өлкөнү башкарып турган маалда билим, маданият, экономика, медицина, айыл чарба жана башка багыттарда өнүгүү башталган", — деп билдирди Жээнбеков.
![Мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин урматына орнотулган эстеликтин ачылышна премьер-министр Сооронбай Жээнбеков катышты. Мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин урматына орнотулган эстеликтин ачылышна премьер-министр Сооронбай Жээнбеков катышты. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102934/18/1029341882_0:55:1600:1061_600x0_80_0_0_ec66826e61c22a512620a0ae950fec56.jpg)
![Өкмөт башчы убагында Усубалиев менен бирге иштешип калууга оңтойлуу шарт түзүлгөнүн билдирди. Өкмөт башчы убагында Усубалиев менен бирге иштешип калууга оңтойлуу шарт түзүлгөнүн билдирди. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102934/18/1029341890_11:0:1600:998_600x0_80_0_0_20851a3c68a2ddbf9371ef2c55897228.jpg)
Муну менен катар өкмөт башчы Усубалиев коомчулукка Кыргызстандын кызыкчылыгы жеке кызыкчылыктардан бийик турарын көрсөткөн үлгүлүү фигура экенин белгиледи.