БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Белгисиз адамдар Бишкектеги "Ардагер" пансионунун алдына кемпирди таштап кетишкенин Sputnik Кыргызстан агенттигине Тез жардам кызматынын фельдшери Рысбек Букарадинов билдирди.
Букарадинов окуя болгон жерге өзү барган. Ал кемпирдин бир көзү көрбөй, жакшы сүйлөй албай, мындан тышкары бир жак капталы кыймылдабай турганын айтты.
"Буту-колу тытылып, ар кайсы жери канталаптыр. Арт жакка ташталгандыктан пансиондун кызматкерлери көрбөй калышса керек. Документтери жок экен. Биз аны Бишкек Травматология жана ортопедия илим изилдөө институтуна алып бардык", — деди Букарадинов.
Ал эми аталган институттун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков алдын ала маалымат боюнча кемпирдин баш мээси чайкалганын, болжол менен 80 жашта экенин белгиледи. Учурда ал ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда.
Ушу тапта пансиондун жетекчилиги менен байланышууга мүмкүн болгон жок.