БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 27-сентябрында саат 9.00дөн баштап 15.00гө чейин борбордун кээ бир райондорунда суу берүү токтотулат. Бул тууралуу "Бишкексууканал" башкармалыгынан билдиришти.
Бул кадам суу түтүктөрүн оңдоп-түзөө жана профилактикалык иштерине байланыштуу жасалууда.
Суу берүү Шабдан баатыр, Горький, Достоевский көчөлөрү жана темир жол линиясы менен чектешкен аймакта токтотулат.