БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Аңчылардын атылган тоо текелер менен түшкөн сүрөтү төрт жыл мурун тартылганын Sputnik Кыргызстан агенттигине Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Абдыкалык Рустамов билдирди.
Социалдык тармактарда үч эркек кишинин атып өлтүрүлгөн тоо текелер менен түшкөн сүрөтү бир топ терс маанайдагы талкууну жараткан. Сүрөт Кыргызстандын аймагында тартылганы аныкталды. Эгер сүрөттөгү аңчылардын мергенчиликке уруксаты жок экени белгилүү болсо, ар бир тоо теке үчүн 55 миң сом айып пул төлөп, эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
"Сүрөт болжол менен 2012-жылы тартылган. Биздин агенттиктин өлкөдөгү жан-жаныбарларга көзөмөл кылуу функциясы жок, андай укуктун баары Экотехинспекцияда. Эгер мергенчилер мыйзамсыз аңчылык кылганы аныкталаса, материалдын баарын инспекцияга өткөрөбүз", — деди Рустамов.
Бир тоо текени атууга уруксат алуу кыргызстандыктар үчүн 10 миң сом, ал эми чет элдиктер үчүн 70 миң сомду түзөт.