БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Эртең, 29-сентябрда Бишкектин кээ бир райондорунда ичүүчү суу берүү токтотуларын мэрия бирлдирди.
"Бишкексууканал" ишканасы "Түндүк" суу курулмасында оңдоо иштери жүргүзүлүп жаткандыктан саат 9.00дөн 19.00гө чейин Күрөңкөев, Абдрахманов, Элебесов, Саадаев көчөлөрүнүн жана Ала-Арча суусунун аймактарында, ошондой эле "Кызыл курулушчу" шаарчасында, "Көлмө", "Ак-Тилек", "Алтын-Бешик" жана "Саламалик" жаңы конуштарында ичүүчү суу берилбей турганын эскертти.
Мындан тышкары №№ 18, 35, 33 орто мектептерде, №12 бала бакчада суу берилбейт.
"Бишкексууканал" калктан, мекемелерден жана уюмдардан ичүүчү суу камдап алууну өтүнөт.