БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Бишкек мэри Албек Ибраимов жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев Рио-де-Жанейро шаарында өткөн Оюндарга катышкан паралимпиадачыларды куттукташты. Бул тууралуу мэриядан билдирди.
![Бишкек мэри Албек Ибраимов жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев Рио-де-Жанейро шаарында өткөн Оюндарга катышкан паралимпиадачыларды куттукташты Бишкек мэри Албек Ибраимов жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев Рио-де-Жанейро шаарында өткөн Оюндарга катышкан паралимпиадачыларды куттукташты - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102954/90/1029549034_0:39:1024:683_600x0_80_0_0_75fe247ca13a54c37818dd9d2171f536.jpg)
![Спортчуларды сыйлоо аземине Жыргал Орозбаев менен Эсен Калиевдер катышып, аларга баалуу белектер тапшырылды Спортчуларды сыйлоо аземине Жыргал Орозбаев менен Эсен Калиевдер катышып, аларга баалуу белектер тапшырылды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102954/90/1029549094_0:0:1024:643_600x0_80_0_0_1ae6ebc53d2b3ae4e6a745228a494111.jpg)
![Азем соңунда калаа башчысы спортчуларга чың ден соолук каалап, ийгиликтен үмүт артарын кошумчалады. Азем соңунда калаа башчысы спортчуларга чың ден соолук каалап, ийгиликтен үмүт артарын кошумчалады. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102954/92/1029549206_0:7:1024:651_600x0_80_0_0_171c96fe3c69966f9fd704670839b27e.jpg)
Ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарын спорттук мелдеши 7-18-сентябрь күндөрү Риодо өткөн. Турнирде спорттун 22 түрү боюнча 528 медалдын комплектиси ойнотулду. Аталган турнирде Кыргызстандын намысын үч спортчу коргоду. Жыйынтыгында Эсен Калиев пауэрлифтинг боюнча бешинчи орун, Арстанбек Базаркулов чоюн жана найза ыргытуу боюнча тогузунчу орун, Жыргал Орозбаев алтынчы орунду алышты.
"Спортчуларды сыйлоо аземине Жыргал Орозбаев менен Эсен Калиевдер катышып, аларга баалуу белектер тапшырылды", — деп айтылат маалыматта.
Азем соңунда калаа башчысы спортчуларга чың ден соолук каалап, ийгиликтен үмүт артарын кошумчалады.