БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. КРдин Футбол федерациясы Шопоков шаарындагы майып балдардын үй-бүлө тибиндеги интернатына 500 миң сом берүүнү чечти. Бул тууралуу аталган федерациянын маалымат кызматы кабарлады.
Акча Бишкекте өткөн футболдук оюндарга билет сатуудан түшкөн каражаттан алынат. Бүгүн, бейшемби күнү саат 20.30да Кыргызстан менен Ливан футболчуларынын ортосунда жолдоштук оюн өтүп, билеттери 200 сомдон 500 сомго чейин сатылууда. Бул таймаш дүйнөдөгү бардык үй-бүлөлөргө арналып уюштурулган. Ал эми сентябрь айында өткөн Кыргызстан — Филиппиндер беттеши майып балдарга арналган.
Федерация президенти Семетей Султановдун айтымында, жарым миллион сомдук сертификат бүгүн оюн алдында интернаттын директоруна тапшырылат.
Ал эми футболчулар оюн талаасына өз балдарынын, федерация кызматкерлеринин балдарынын жана адаптациялоо борборунда тарбияланган балдардын коштоосунда чыгат.