00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
6 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:07
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Рамзан Кадыровдун тестиер балдары ММА турнирине чыгып, сынга кабылды

© Sputnik / Вадим Жернов / Медиабанкка өтүүММА кеңешинин президенти Федор Емельяненконун архивдик сүрөтү
ММА кеңешинин президенти Федор Емельяненконун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Грозный шаарында өткөн ММА оюндарынын турниринде Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун 10 жашар уулу Ахмад атаандашын 14 секундада нокаут менен жеңген.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Грозный шаарында балдардын катышуусунда өткөн мушташ оюндарын эч кандай актоого болбостугун Россиянын ММА кеңешинин президенти Федор Емельяненко өзүнүн Instagram баракчасына жазды. 

Шейшемби күнү Грозный шаарында өткөн ММА оюндарынын турниринде Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун 10 жашар уулу Ахмад атаандашын 14 секундада нокаут менен жеңген.

Видео опубликовано Ramzan Kadyrov (@kadyrov_95) Окт 4 2016 в 12:43 PDT

Анын Эли жана Адам аттуу эки досу 27 жана 35 килограммдык салмактагы көрсөтмө оюндарда атаандаштарын жеңип алган.

"Кечээ балдардын мушташ оюндары көрсөтмө катары делгени менен эл кадимки эле мушташты көрдү. Россиянын Спорт министрлиги бекиткен эрежеге ылайык, 21 жашка чейинки спортчулар рингге атайын баш кийим жана буту-колуна кийилген буюмдары менен, ал эми 11 жашка чейинки балдар атайын даярдалган чыптап турган кийим же футболка менен чыгышы керек эле", — деп айтылган анда.

Емельяненко 21 жаштан тарта кайсы бир чектөөлөр коюларын айтты.

Снимок со страницы социальной сети Facebook, видео, на котором два мальчика (примерно семи-восьми лет) жестоко дерутся друг с другом под одобрение окружающих их взрослых - Sputnik Кыргызстан
Интернеттеги чоңдор сүрөп мушташып жаткан балдардын видеосу талкуу жаратты
"Беттеш кесипкөй жана чоң спортчулар үчүн кабыл алынган эрежелердин негизинде өткөрүлгөн, мындай болбойт, 12 жашка чейинки балдардын ММА эрежелери менен мушташуусуна уруксат берилбейт. Андыктан Грозныйда өткөн турнир акылга сыйгыс болду, ал эми балдардын катышканын эч бир нерсе менен актоого болбойт",— деп кошумчалаган Емельяненко.

Андан сырткары, ММА президенти балдар катышкан беттеш теледен түз эфир менен көрсөтүлгөнүнө нааразылыгын айткан.

"Матч", "Боец" телеканалдары балдардын мушташын эмне үчүн түз эфир менен бергени таптакыр түшүнүксүз. 12 жашка чейинки балдардын мындай оюнга киргизилбей тургандыгын айтпай эле коёюн, кубаттап, кубанып турган чоңдордун көз алдында 8 жашар кичинекейлер бири-бирин былчылдатып уруп жатты. Чоңдор үчүн баланын ден соолугунан ага кесепетин тийгизген оюн, көрүнүш артык болуп кеткенби?!"— деп суроо салган.

Емельяненко бул аны абдан нааразы кылгандыгын жана мындай көрүнүшкө Чеченстан президенти Рамзан Кадыровдун өзү көз салып отурганын жазган.

"Анын спорт министрлигинен шайланган кеңешчилери 12 жашка чейинки балдар мушташ оюндарына катышпай тургандыгын айткан эмеспи? Биринчи иретте биз өсүп келе жаткан муундарга үлгү болушубуз керек эмеспи. Балдардын чоңдор менен кошо жарышып мындай мушташ оюндарына катышуусу алардын спорттук карьерасына эле эмес, ден соолугуна, психологиясына да зыянын тийгизет",— деп жазган Емельяненко.

ММА (эрежесиз эр уруш) — аралаш мушташ боюнча эл аралык турнирлер дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө өткөрүлүп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0