БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Дүйнөлүк Global Grasshopper журналы "Кыргызстанды кыдырууга 10 себеп" аттуу макала жарыялады.
Анын автору нормандиялык блоггер жана саякатчы Норман Пелеринэдж болуп саналат.
"Кыргызстан — Орто Азиядагы эң кооз өлкө. Асман тиреген аскалары, атыр жыттуу абасы адамга өзгөчө таасир калтырат. Ал эми көк шиберлүү кооз тоолору көз жоосун алат. Өлкөнүн деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, көптөгөн саякатчылар келе бербейт. Ошондуктан бул кереметтүү Кыргызстанды кыдырып чыгууга 10 себепти сунуштайм", — деп жазат Норман Пелеринэдж.
Аска тиреген ак карлуу тоолор
© Фото / Геннадий ЗакировХан-Теңри аскасы
![Пятнадцать фото Кыргызстана, которые могут вдохновить вас на путешествие Пятнадцать фото Кыргызстана, которые могут вдохновить вас на путешествие - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102773/10/1027731034_0:0:2592:1728_600x0_80_0_0_d09fcc574ce39e79c48d914d2a2bba3a.jpg)
Хан-Теңри аскасы
© Фото / Геннадий Закиров
Кыргызстан — жер бетиндеги бейиш. Айрым жерлер Австриянын Альп тоолоруна окшоп кетет. Бирок бул тоолор эки эсе бийик, аны 10 эсе көп жаныбар байырлайт. Анан да бүт тоолор гүлгө оронгон.
Чыңгыз хан сыяктуу эс алыңыз!
© Sputnik / Табылды КадырбековЫсык-Көлдөгү жайлоодогу боз үйлөр
![Юрты на джайлоо в Иссык-Кульской области Юрты на джайлоо в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102795/69/1027956923_0:0:5000:3338_600x0_80_0_0_4fb86934becc511074d541fd9170a897.jpg)
Ысык-Көлдөгү жайлоодогу боз үйлөр
Кыргыз элинде көчмөндүк жашоо образы бүгүнкү күнгө чейин сакталуу. Өткөн доордун 30-жылдарында отурукташтыруу аракети жүрүп, кыргыздар бир жерди байырлап жашап калышкан. Анткен менен жай келээр замат жайлоолордо жамгырдан кийинки козу карындай болгон боз үйлөр жайнап тигилет. Боз үйлөрдө уктоо — Чыңгыз хандай болуп эс алуу дегенди түшүндүрөт.
Ат — адамдын канаты
Өлкө боюнча 400 миңден ашуун жылкы бар. Бул расмий гана маалыматр. Жакшылап байкап көрсө, жылкылар адамдардан да көп болушу мүмкүн. Эң башкысы, ушул аттар менен кооз тоолорду кыдырууга болот. Эгерде эч качан ат мине элек болсоңуз кабатыр болуунун кереги жок. Анткени жергиликтүү тургундар бат эле үйрөтүшөт.
Көз жоосун алган кооз тоолор
Кыргызстандын 90 пайызы тоолор менен курчалган. Бул жактан деңиз деңгээлинен 7 миң метр бийиктиктеги тоолорду көрүүгө болот. Эң кызыгы алардын баары ар кыл түстө.
Кол менен жасалгандай таасир калтырган пляждар
© Sputnik / Акылбек БатырбековЫсык-Көлдүн пляждары
![Пляжный сезон на Иссык-Куле Пляжный сезон на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102705/51/1027055171_0:0:3646:2048_600x0_80_0_0_b1bb2c1497b15a8720708e714bcb84c8.jpg)
Ысык-Көлдүн пляждары
Кыргызстан бир гана кооз тоолор менен чектелген эмес. Бул жактан жомоктогудай Ысык-Көлдү кезиктирүүгө болот. Кыргыз берметине күбө болгон турист бул өлкөгө сөзсүз кайтып келет.
Жаныбарлар дүйнөсү
© Фото / Влад УшаковКыргызстандагы илбирс
![Топ-10 самых редких и исчезающих видов животных Кыргызстана Топ-10 самых редких и исчезающих видов животных Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102102/42/1021024200_0:0:5477:3741_600x0_80_0_0_57bc9b2db5095458df765362a93acc3a.jpg)
Кыргызстандагы илбирс
© Фото / Влад Ушаков
Кыргызстанда 360 жаныбардын түрүн кезиктирүүгө болот. Тоолордо бүркүт менен куш байма-бай учуп жүрөт. Эгерде бийигирээк чыксаңыз, Марко Поло текелери менен илбирстерди көрөсүз.
Өзгөчө таасир калтырган улуттук оюндар
© Sputnik / Табылды КадырбековКөк-бөрү боюнча мелдеш
![II Всемирные игры кочевников. День пятый. Финал по кок-бору II Всемирные игры кочевников. День пятый. Финал по кок-бору - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102908/84/1029088479_0:0:4593:3066_600x0_80_0_0_0e7f9736f16fa907fd47d6675096177b.jpg)
Көк-бөрү боюнча мелдеш
Бул өлкөдө эң кызыктуу, ошол эле учурда кооптуу делген көк бөрү оюунун жактырышат. Бул оюнду бир гана чыныгы эрлер ойношот.
Заманбап үлгүдөгү шаарлар
© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкек шаарына көрүнүш
![Вид на улицы Бишкека с высоты — Байтик Баатыра, Юсупа Абдрахманова и Абдынасыра Елебесова Вид на улицы Бишкека с высоты — Байтик Баатыра, Юсупа Абдрахманова и Абдынасыра Елебесова - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102436/71/1024367144_0:0:2000:1123_600x0_80_0_0_8b00ef0ef9e3270b211d116af42a811d.jpg)
Бишкек шаарына көрүнүш
Сиздин саякатыңыз бир гана тоолор менен чектелбейт. Көчөгө чыгып заманбап шаарларга күбө болууга болот. Эгерде бир жакка барам десеңиз, бат эле жетип аласыз.
Аз сандагы туристтер
© Sputnik / Табылды КадырбековТалас облусундагы жайлоо
![Туризм в Кыргызстане Туризм в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102868/49/1028684971_0:0:5200:3471_600x0_80_0_0_2d487f4ee7f165ded8fb08749eb011ff.jpg)
Талас облусундагы жайлоо
Бул жакта туристтерди аз кезиктиресиз. Айрым учурда ири аймакта жалгыз гана сиз жүргөндөй таасир калат.
Баалары өтө арзан
© Sputnik / Табылды КадырбековБоз үйдүн ички көрүнүшү
![Внутреннее убранство кыргызской юрты Внутреннее убранство кыргызской юрты - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102661/64/1026616487_0:0:6016:4016_600x0_80_0_0_1b12fd9d0c130c28b91311ccb61dd61b.jpg)
Боз үйдүн ички көрүнүшү
Улуттук валюта сом. 100 сом бир жарым долларга барабар. 1000 сом (15 доллар) үчүн жакшы шарты бар мейманканада эс алууга болот. Ал эми күн сайын 20 доллар гана чыгым кетет. Бул кереметтүү өлкөдө саякат жасоого өтө арзандык кылат.