https://sputnik.kg/20161011/114-zhashtagy-kempir-71-zhashtagy-abyshkaga-turmushka-chykty-1029667838.html
Кытайда кылым жашаган кемпир 71 жаштагы абышкага турмушка чыкты
Кытайда кылым жашаган кемпир 71 жаштагы абышкага турмушка чыкты
Sputnik Кыргызстан
Портал кемпир турмушка чыгуу боюнча сунуштан бир нече ирет баш тарткандыгын, бирок ашыгы ага карабай колун сурай бергендигин жазган. 11.10.2016, Sputnik Кыргызстан
2016-10-11T08:47+0600
2016-10-11T08:47+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/102966/73/1029667379_0:175:3000:1872_1920x0_80_0_0_591426dbc96d4aef14017c37f2cd7979.jpg
кытай
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2016
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/102966/73/1029667379_0:35:3000:1920_1920x0_80_0_0_0bcfb0050b98fd268d4189db04b5004a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, коом, жаңылыктар, кытай
дүйнөдө, коом, жаңылыктар, кытай
Кытайда кылым жашаган кемпир 71 жаштагы абышкага турмушка чыкты
08:47 11.10.2016 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Портал кемпир турмушка чыгуу боюнча сунуштан бир нече ирет баш тарткандыгын, бирок ашыгы ага карабай колун сурай бергендигин жазган.
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Кытайда кылым жашаган, тагыраагы 114 жашка чыккан кемпир 71 жаштагы абышкага турмушка чыкты. Бул туурасында РИА Новости Sina агенттигине шилтеме кылып маалымат берди.
Жаш үй-бүлөнүн никелешүү салтанаты Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу облусунун Кашкар округундагы Бачу уездинде болду.
5 Тогуздун айы 2016, 11:05
Күйөө бала сүйүктүүсүн баш кошууга бир жылдан бери көндүрүп келе жаткандыгын билдирген. Абышка анын сезимин биринчи иретте кемпирдин жасаган тамактары ойготкондугун, кийинчерээк "ал жакшы адам" экендигин байкагандыгын айткан.
Портал кемпир турмушка чыгуу боюнча сунуштан бир нече ирет баш тарткандыгын, бирок ашыгы ага карабай колун сурай бергендигин жазган. Акырында абышка кылым жашаган кемпирди баш кошууга көндүрүп, никесин Кашкардын Бачу уездинде каттаткан.