БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Сириянын инженердик аскерлери Алеппонун борборунан чыгышты көздөй кеткен тоннелди таап чыгып, 15 согушкерди жок кылды. Бул туурасында РИА Новости жазып чыкты.
"Инженерлер террорчулардын шаардык чептен чыгышты көздөй кеткен тоннелин өз учурунда таап чыгышты. Ал жардырылганда ошол мезгилде ичинде жүргөн 15 согушкер кошо каза болду",— деп айтылат маалыматта.
Согушкерлер үч жылдан бери Алеппонун тарыхый борборунун аймагында имараттарды аралап салынган жер астынан өткөн тоннелдерди казып келет. Муну менен террорчулар өкмөттүк аскерлерге ар кыл бөгөттөрдү коюп, жардыруууларды уюштуруу максатын көздөгөн. Ал эми Сириянын инженердик аскерлери жер алдындагы мындай жайларды тынбай издеп, таап жана жок кылып келет.
Акыркы учурда террорчулар мындай тоннелди июнь айында казып, жол кыймылын көзөмөлгө салган полициянын шаарга жакын жердеги имаратын жардырып жиберген.