БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Москва шаарында кыргыз кыздардын арасында сулуулук сынагы өтүп жатканын аталган калаадагы кыргыз маданият борбору билдирди.
![Москва шаарында кыргыз кыздардын арасында сулуулук сынагы өтүп жатканын аталган калаадагы кыргыз маданият борбору билдирди Москва шаарында кыргыз кыздардын арасында сулуулук сынагы өтүп жатканын аталган калаадагы кыргыз маданият борбору билдирди - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102977/74/1029777401_0:45:958:648_600x0_80_0_0_1b268decf174af75aeef6a4c66e31e2b.jpg)
![Маалыматка ылайык, конкурска 18 жаштан 32 жашка чейинки кыз-келиндер катышууда. Маалыматка ылайык, конкурска 18 жаштан 32 жашка чейинки кыз-келиндер катышууда. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102977/72/1029777294_0:83:1279:887_600x0_80_0_0_6df705db150de273eb7e4635f5153850.jpg)
Маалыматка ылайык, конкурска 18 жаштан 32 жашка чейинки кыз-келиндер катышууда.
"Кыздар Интернетке жарыяланган жарыя боюнча келип, 12 кыз тандалды. Сынакта кыз-келиндердин баскан-турганы, кол өнөрчүлүгү, тамак-аш жасоо жөндөмү, чач жасалгалоо, бий өнөрлөрү, кыргыздын салт-санаасын билүүсү, улуттук кийими боюнча бааланат. Сынактын максаты — ушундай иш-чаралар аркылуу баарлашып, маданиятты көтөрүү болуп саналат", — деди калыстар тобунун мүчөсү, дизайнер Элгазы Сапар уулу билдирди.
Сынак Бишкек убактысы менен саат 17.30да башталды. Кыз-келиндердин баарына күмүш зер буюмдары тартууланып, жеңүүчүгө таажы кийгизилет.