БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Бүгүн, 17-октябрь күнү президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Раимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды. Бул тууралуу өлкөнүн маалымат кызматы билдирди.
Атамбаев аскер кызматкерлерине камкордук, Куралдуу күчтөрдү модернизациялоо жана кайра куралдандыруу мамлекеттин башкы артыкчылыктарынын бири экенин баса белгиледи.
"Ошондуктан аскер жетекчилери, бардык аскер кызматчылары аскердик тартипти чыңдоо, өз катарын тазалоо жана Куралдуу күчтөрдөгү коррупцияны жоюу боюнча активдүү иш алып барууга тийиш", — деди мамлекет башчысы.
Президент ошондой эле өлкөдө күжүрмөн, азыркы чакырыктар менен коркунучтарга татыктуу жооп бере ала турган Куралдуу күчтөрдү тезирээк түзүүнүн зарылдыгын белгиледи.