БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Аналогдук телеберүүлөр 2017-жылдын 15-майынан тарта өчүрүлөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Аталаган маселе вице-премьер Гүлмира Кудайбердиева катышкан жыйын учурунда каралды.
"Учурда санариптик телеберүүлөргө өтүү боюнча бардык аракеттер көрүлүүдө. Калктын 95 пайызы санариптик сигнал алууга мүмкүнчүлүк алды. Бул көрсөткүчтү 99 пайызга жеткирүү керек. 2017-жылдын 15-майында аналогдук телеберүүлөр өчүрүлөт", — деди Кудайбердиева.
Вице-премьер санариптик телеканалдарда маалыматтык, музыкалык, илимий каналдар ачылып, бүгүнкү күндө көрсөтүп жатканын кошумчалады.