Агенттиктин директору банк ага "унааны банктын активи катары кароо боюнча кат жазып калтырып, машинанын ачкычын таштап кете беришкенин" айтты.
Бул жооп парламенттегилердин бүйүрүн кызытты.
"Алар банктан карыздарды өндүрүп алуунун ордуна машина алып, аны тээп жүрүп, кайра кайтарышат. Аталган ишкана карыздарды кароо узак мөөнөткө созулуп келе жаткандыктан гана иштеп турат", — деди депутат Дастан Бекешев.
Кыргыз коомчулугунда министрлердин, ири компаниялардын кызматтык автоунаалары боюнча маалыматтар кызыгуу менен кабыл алынат. Мындан улам Sputnik Кыргызстан бир катар аткаминерлердин минип жүргөн кызматтык темир тулпарларын сураштырып көрдү.
Алардын арасында Lexus үлгүсүндөгүлөр басымдуулук кылары байкалды. Ичинде демөөрчүлөрдөн белекке берилгендер, долбоор каражаттарына, грантка келгендер, андан сырткары "дежурка" катары кириштелгендер бар.
![Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев. Архивное фото Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101694/37/1016943731_0:0:6016:4016_600x0_80_0_0_3ce5d5fa3afba2444a364f41e93e8916.jpg)
Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевдин кызматтык унаасы — 2007-жылы чыккан ак түстүү Toyota Camry. Азыркы төрагага мурдагы төрайымы Алина Шайиковадан калыптыр. Автоунаа болжол менен 7 миң доллардын тегерегинде.
![Министр чрезвычайных ситуаций Кубатбек Боронов Министр чрезвычайных ситуаций Кубатбек Боронов - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102515/98/1025159835_0:0:1600:1089_600x0_80_0_0_813358f048961f47699c6a577a98524e.jpg)
Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Lexus 460 үлгүсүндөгү автоунаа минип жүрөт. Темир тулпар заводдон 2010-жылы чыккан экен.
![Депутат Арзыбек Кожошев Депутат Арзыбек Кожошев - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102063/69/1020636988_0:0:5231:3492_600x0_80_0_0_75b0dc5846d0d5cac77046269d078f66.jpg)
Экономика министри Арзыбек Кожошев президенттин иш башкармалыгынан 2013-жылы берилген кара түстүү Cadillac-SGM (China) унаасын пайдаланып жүрөт. Алгач автоунааны министрликти жетектеп турган Темир Сариев минген. Документтерде анын наркы 4 097 043 сом деп бааланган. Кытай өкмөтүнөн гранттын эсебинен келген Cadillac үлгүсүндөгү 46 автоунаанын бири. Кыргызстан президентинин жана өкмөтүнүн иш башкармалыгы аркылуу министрликке өткөрүп берилген.
![Министр финансов Адылбек Касымалиев Министр финансов Адылбек Касымалиев - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102468/32/1024683202_0:0:3936:2624_600x0_80_0_0_5092ca99dd9855e28f2c79fba79dfa01.jpg)
Финансы министри Адылбек Касымалиевдин кызматтык унаасы — кара түстүү Cadillac-SGM (China). Ал азыркы аткаминерге мурдагы министр Ольга Лавровадан калган.
![Президент Алмазбек Атамбаев принял министра здравоохранения Талантбека Батыралиева Президент Алмазбек Атамбаев принял министра здравоохранения Талантбека Батыралиева - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101421/61/1014216191_0:0:1744:2200_600x0_80_0_0_862ca82dca4745728e78504625085ffb.jpg)
Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевдин кызматтык автоунаасы — Lexus LX470 (заводдон 1999-жылы чыккан). Министрликтен 2012-жылы президенттин иш башкармалыгынын гаражынан S класстагы Mercedes-Benz – 320 автоунаасын азыркы жолдандабаска (Lexus LX470) алмашып алышканын айтышты.
![Министр сельского хозяйства и мелиорации Кыргызстана Турдуназир Бекбоев Министр сельского хозяйства и мелиорации Кыргызстана Турдуназир Бекбоев - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102427/57/1024275726_0:0:1600:1124_600x0_80_0_0_b7e9dfa44a83fcc4565ed22d34c7f55d.jpg)
Айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоевдин мингени — Toyota Prado үлгүсүндөгү жол тандабас. Ал азыркы жетекчиге мурдагы министрлерден калган.
![Глава ГНС ознакомился с работой торговых комплексов столицы Глава ГНС ознакомился с работой торговых комплексов столицы - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101695/05/1016950573_0:0:2067:1301_600x0_80_0_0_f374051a6ff2d0165d3a0e4865200010.jpg)
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Замирбек Осмоновдун кызматтык унаасы — Toyota Land Cruiser Prado. Жолтандабас 2009-жылы 2 миллион 457 миң 735 сомго Азия өнүгүү банкынын каражатына сатып алынган.
![Министр внутренних дел Кашкар Джунушалиев Министр внутренних дел Кашкар Джунушалиев - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102749/04/1027490413_0:0:2200:1550_600x0_80_0_0_96e9d3e7eb5efd55ba19c4d16c9dfd9e.jpg)
Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Lexus LX470 минип жүрөт. Маалымат кызматы 2005-жылы чыккан бул темир тулпар 2012-жылы ИИМге демөөрчүлүк жардам иретинде берилгенин билдирди. Демек, мурдагы министрден калган.
Баасы туурасында алар "тартууга берилген белектин баасы суралбайт" же "белекке берилген аттын тишин карабайт" дегендей эле кеп…" деген жообун айтты.
![Министр культуры, информации и туризма КР Туголбай Казаков Министр культуры, информации и туризма КР Туголбай Казаков - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102936/01/1029360104_0:0:1600:1046_600x0_80_0_0_0e21f0e03c52fd850ae5bf5de72e15c0.jpg)
Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаковдун кызматтык унаасы — Cadillac SGM. Бул Кытай Кыргызстанга гранттык түрдө берген автоунаанын бири.
![Министр образования и науки Эльвира Сариева. Министр образования и науки Эльвира Сариева. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101749/86/1017498694_0:0:1334:1600_600x0_80_0_0_87ee55d4b4dcc37473453bef13701069.jpg)
Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева Toyota Fortuner автоунаасын минип жүрөт. Ал 2006-2010-жылы иштеген Азия өнүктүрүү банкынын билим берүү тармагындагы долбоору ошол учурда өздөрүнө сатып алып, кийин министрликке берген.
![Директор Департамента дорожного хозяйства Минтранса КР Айдаров Замирбек Директор Департамента дорожного хозяйства Минтранса КР Айдаров Замирбек - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102428/85/1024288581_0:0:1000:722_600x0_80_0_0_a22ed416c392860ad93da42c84c6ec71.jpg)
Транспорт жана жолдор министри Замирбек Айдаров ак түстүү Toyota Prado жол тандабасты пайдаланып келет. Маалыматтарда аталган автоунаа Маммүлк фондусунун буйругу менен 2013-жылы бөлүнгөн. Министрлик 2010-жылы чыккан бул темир тулпарды нөөмөттүк автоунаа катары кириштеген.