БИШКЕК, 20-окт.— Sputnik. "Ата керээзи" тасмасынын чыгармачыл тобуна АКШга виза ачуу жагынан жаралган маселеге көмөк көрсөтүүгө аракет кылабыз. Эртең менен элчилик (КРдеги АКШ элчилиги — ред.) менен кабарлашайын деп турам. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков бүгүн "Ата керээзи" тасмасынын депутаттарына көрсөтүлгөн учурда айтты.
Sputnik Кыргызстан мультимедиалык борборунда өткөн маалымат жыйында "Ата керээзинин" продюсерлеринин бири Талантбек Төлөбеков "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлгөн тасманын жаратуучуларына АКШ элчилиги АКШга виза бербей жаткандыгын айткан.
"Президенттик аппараттагы тиешелүү кызматтын кишилери бул ишке кийлигишип жатыптыр. Мен да эртең менен АКШнын элчилиги менен байланышайын деп турам", — деди Турсунбеков.
Буга чейин аталган картина "Ата керээзи" тасмасы Канаданын Монреаль шаарында өткөн кинофестивалда өз номинациясы боюнча баш байге — "Алтын зенитке" ээ болгон.
"Ата керээзин" режиссерлор Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу тарткан.