БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Бишкекте регионалдык Ала Тоо КВН лигасынын жарым финалы жекшемби күнү филармонияда болуп өттү.
Жарым финалда "Бруклин" (Бишкек); "Интер Ко" (Бишкек); "Маб" (Алматы); "Жайдарман" (Алматы); Тажикстандын курама командасы; "Позитифф" (Бишкек) и "Элдин балдары" (Бишкек) командалары катышты
![Алматыдан келген Жайдарман тобунун сахнага чыгуусу Алматыдан келген Жайдарман тобунун сахнага чыгуусу - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102991/09/1029910967_0:235:6015:4016_600x0_80_0_0_fa558ac9703c9cf46fdf8a5e4dde736d.jpg)
![Интер Ко командасы Интер Ко командасы - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102991/09/1029910961_0:235:6016:4016_600x0_80_0_0_026356d9d077e082ded6bae989122c48.jpg)
![КВН катышуучу Нурсултан Курсанали уулу КВН катышуучу Нурсултан Курсанали уулу - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102991/09/1029910973_0:1353:4016:3878_600x0_80_0_0_c6e06a544a88d75b08189cbc70faea5c.jpg)
![Позитифф командасы сахнада Позитифф командасы сахнада - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102991/09/1029910955_0:235:6016:4016_600x0_80_0_0_1472b9c04f3095bb262df6a8aedf2a51.jpg)
![Оюнду Эльдияр Кененсаров алып барды. Оюнду Эльдияр Кененсаров алып барды. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102991/09/1029910949_0:1835:4016:4360_600x0_80_0_0_d20f19831a5375039f830b767ccf2e19.jpg)
Жарым финалдык оюнда "жоголгон Конституция" негизги тема болгонун белгилесе болот.
Үч конкурстун жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен беш команда финалга чыкты.
- "Элдин балдары" (16 упай);
- "Позитифф" (14,7 упай);
- "Тажикстандын курамасы" (14,4 упай);
- "МАБ" (Алматы, 13,5 упай);
- "Бруклин" (12,5 упай, калыстар тобунун чечими менен финалга өттү).
Оюндун көркүн "Азия MIX" командасы ачты. Жогорку лиганын финалисттери өздөрүнүн белгилүү жана жаңы миниатюраларын көрсөтүштү. Оюнду Эльдияр Кененсаров алып барды.
Финалдык беттеш декабрь айында өткөрүлөрү пландалууда. Так күнү азырынча белгисиз. Оюн ата мекендик телеканалдардын биринде көрсөтүлөт.