БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. "Тазалык" муниципалдык ишканасы күз-кыш мезгилине даяр экендигин мэриядан кабарлашты.
Учурда ишкананын базасында 3100 тонна кум менен 450 тонна техникалык туз бар.
"Калаа көчөлөрүн кардан тазалоого техника толугу менен даяр", — деп айтылат маалыматта.
Муниципалитет тазалыкты сактабагандарды аныктоо үчүн жарандарды маалыматтык жактан көмөк көрсөтүүгө чакырат.
Даттанууларды төмөнкү байланыш номерлерине билдирүүгө болот:
- Аскат Карынбаев (Ленин району) — 0557 997 927;
- Таалайбек Акматбаев (Октябрь району) — 0554 955 509;
- Руслан Шарапов (Биринчи Май району) — 0558 336 640;
- Марат Матмусаев (Свердлов району) — 0555 447 154.