БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Өкмөткө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын сулуусу "Погончон айым- 2016" сынагын жеңип алды. Бул тууралуу Мамлекеттик инспекциядан билдиришти.
![Өкмөткө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын сулуусу Погончон айым- 2016 сынагын жеңип алды. Өкмөткө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын сулуусу Погончон айым- 2016 сынагын жеңип алды. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104608/48/1046084876_0:1:1020:643_600x0_80_0_0_21a77fa34a95872336e502b548d55897.jpg)
![Аталган сынакка ӨКМ, Жазаларды аткаруу департаменти, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы жана Мамэкотехинспекциянын погончон айымдары ат салышкан. Аталган сынакка ӨКМ, Жазаларды аткаруу департаменти, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы жана Мамэкотехинспекциянын погончон айымдары ат салышкан. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103001/94/1030019423_0:39:1023:683_600x0_80_0_0_8971ca02a0ffce31b5211a8446abdf13.jpg)
![Аскер айымдар сынагына Мамэкотехинспекция тарабынан биринчи жолу жолдомо алып катышып, биринчи орунду ээледи. Аскер айымдар сынагына Мамэкотехинспекция тарабынан биринчи жолу жолдомо алып катышып, биринчи орунду ээледи. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103001/94/1030019404_0:37:959:640_600x0_80_0_0_a9d658bc745e0d0ec813a05326293b47.jpg)
![Аталган сынак 10 жылдан бери күч түзүмдөр арасында өткөрүп келет. Аталган сынак 10 жылдан бери күч түзүмдөр арасында өткөрүп келет. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103001/94/1030019433_0:39:1004:671_600x0_80_0_0_ed80a91f0bf988dfa56468f8b51913a3.jpg)
![Андагы катышуучулар иштеп жаткан мекеменин ишмердүүлүгүн жана күч түзүмдөр арасындагы айымдардын аскердик күчүн жана талантын сынашат. Андагы катышуучулар иштеп жаткан мекеменин ишмердүүлүгүн жана күч түзүмдөр арасындагы айымдардын аскердик күчүн жана талантын сынашат. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103001/94/1030019428_0:39:1023:683_600x0_80_0_0_f36ad4a22a90dea20298336cc07e082b.jpg)
Маалыматка ылайык, аталган сынакка ӨКМ, Жазаларды аткаруу департаменти, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы жана Мамэкотехинспекциянын погончон айымдары ат салышкан.
"Мамэкотехинспекциянын атынан сынакка Берлин кызы Айгерим катышып, биринчи орунду багындырды, ал Мамэкотехинспекциянын Өрт коопсуздук башкармалыгында эмгектенет", — деп жазылат маалыматта.
Аскер айымдар сынагына Мамэкотехинспекция тарабынан биринчи жолу жолдомо алып катышып, биринчи орунду ээледи.
Аталган сынак 10 жылдан бери күч түзүмдөр арасында өткөрүп келет.
Андагы катышуучулар иштеп жаткан мекеменин ишмердүүлүгүн жана күч түзүмдөр арасындагы айымдардын аскердик күчүн жана талантын сынашат.