БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Жалал-Абадда милиция кызматкерлеринин арасында "Атам, апам жана мен. Биз — спорттук үй-бүлө" аталышындагы спорттук иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.
Спорттук иш-чара кыргыз милициясынын 92 жылдыгына карата уюштурулуп, облус аймагындагы милиция кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү спорттун түрлөрү боюнча күч сынашты. Анда үч адамдан турган командалар (күйөөсү, аялы жана баласы) катышты.
![Жалал-Абадда милиция кызматкерлеринин арасында Атам, апам жана мен. Биз — спорттук үй-бүлө аталышындагы спорттук иш-чара уюштурулду. Жалал-Абадда милиция кызматкерлеринин арасында Атам, апам жана мен. Биз — спорттук үй-бүлө аталышындагы спорттук иш-чара уюштурулду. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103002/21/1030022124_59:0:1280:767_600x0_80_0_0_19136d4e7a00f3985958bc093b3c9be4.jpg)
![Спорттук иш-чара кыргыз милициясынын 92 жылдыгына карата уюштурулуп, облус аймагындагы милиция кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү спорттун түрлөрү боюнча күч сынашты. Анда үч адамдан турган командалар (күйөөсү, аялы жана баласы) катышты. Спорттук иш-чара кыргыз милициясынын 92 жылдыгына карата уюштурулуп, облус аймагындагы милиция кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү спорттун түрлөрү боюнча күч сынашты. Анда үч адамдан турган командалар (күйөөсү, аялы жана баласы) катышты. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103002/21/1030022118_40:0:1261:767_600x0_80_0_0_e57e570e8cd273556f8548b259d07bda.jpg)
"Мелдешке облустук ички иштер башкармалыгын борбордук аппараты, Жалал-Абад ШИИБ, Сузак, Базар-Когон, Ноокен, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Кара-Көл, Токтогул, Аксы, Ала-Бука, жана Чаткал райондорунун келген командалар катышты. Командалардын өзгөчөлүгү андагы мүчөлөр бир үй-бүлө болушу керек", — деп жазылат маалыматта.
Спорттук эстафета кап кийип секирип жарышуу, баскетбол тобун коштоп чуркоо, тапанча чачып, кайра куроо, аркан тартышуу боюнча өттү. Андан сырткары милиция кызматкерлеринин балдарынын сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.
Жыйынтыгында 1-орунду Таш-Көмүр, 2-орунду Ноокен, 3-орунду Борбордук аппарат жана Кара-Көл шаардык ИИБдин командасы ээледи.