Дөөлөт Сыдыков: бизди сынакка чыныгы Манас айтуучулук өнөрдү көрөбүз деп чакырышты
Кыргызстанды сынакка нукура айтуучулук өнөр сакталган деп чакырышыптыр. Бул тууралуу аталган сынакка катышып, 1-орунду алган белгилүү манасчы Дөөлөт Сыдыков Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Эскерте кетсек, сынак 23-24-октябрь күндөрү өткөн.
"Негизинен башкырлар, ногойлор, хакас, тува, якут, алтай элдеринин өнөрпоздору келди. Чыныгы айтуучулук өнөр кыргыздарда гана сакталып калган деп Кыргызстандан да манасчыларды, манас таануучуларды чакырышыптыр", — деди Сыдыков.
Сынактан тышкары, эпоско байланыштуу конференция уюштурулуп, анда "Айгине" маданий-изилдөө борборунун жетекчиси Гүлнара Айтбаева доклад окуган.