БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Куралданган белгисиз адамдар Афганистандын борбору Кабул шаарында австралиялык аялды уурдап кетти. Бул туурасында РИА Новости TOLO News телеканалына шилтеме кылып кабарлады.
Азырынча аялдын аты кабарлана элек. Аны карөзгөй адамдар калаадагы көпүрөнүн жанынан уурдап кеткен жерди коопсуздук күчтөрү курчоого алып, жолду тоскон.
Khaama агенттигинин маалыматына караганда, аялды уурдаган аймакта буга чейин да ушундай окуялар болуп турган.
Басылмалар австралиялык аял эл аралык уюмда иштегендигин жана Афганистандын жараны болгондугун жазып чыкты.