00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
14:50
8 мин
14:58
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
06:58
2 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
10 мин
Тема дня
Иногда не хватает нескольких баллов – почему престижно поступать на Медфак КРСУ?
18:11
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Кеменгер
Россиялык режиссер кыргыздын Король Лирин жаратты. Король Лир спектакли тууралуу маек
19:08
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Между строк
Любимец классиков: почему русские писатели обожают Чехова?
20:06
37 мин
Ачык кеп
Мал базарлар, мал соючу жайлардын абалы кандай?
23:05
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Амансызбы, бурадар. Өлкөдө 10:15. Өрт, жарылуу… баягы эле чуркаган журналисттер

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги жалпы кесиптештерди бүгүнкү маалымат жана басма сөз майрамы менен куттуктап, чыгармачылык ийгиликтерди каалайт.

Адаттагыдай эле. Эч нерсе өзгөргөн жок. Өзүбүздүн майрамыбызда деле таң эрте жумушка келип, тыпыйып иштеп отурабыз. Журналистерде дайым ушундай. Кайсы гана майрам болбосун, эл жыргап эс алса, биздин жумуш тим эле эки эсе көбөйүп кетет. Эгерде олуттуу окуя болуп кетсе, күн-түн деген түшүнүк жок. Талаалап чыгып кетип, апталап үйүнө келбей калгандары канча. Өрт, жарылуу, шайлоо… баягы эле диктофонун көтөрүп чуркаган журналисттер. 

Кудайдын кулагы сүйүнсүн, өлкөбүздө журналистика өнүгүү жолунда бара жатат. Буга салым кошкон бардык кесиптештерге алкыш гана айтабыз. Мага окшоп бул ардактуу кесиптин ашканасына жаңы аралашып баштаган балдарды тарбиялап, өстүрүп жаткан ага-эжекелерибизге таазим. Өлкөбүздө төртүнчү бийлик өнүгө берсин!!! 

© Sputnik / Табылды КадырбековДарика Жалгасынова: атам апамдын кайниси болгон, экөө унутулгус сүйүүнү баштан кечириптир
Народная артистка Кыргызстана, оперная певица Дарика Жалгасынова - Sputnik Кыргызстан
Дарика Жалгасынова: атам апамдын кайниси болгон, экөө унутулгус сүйүүнү баштан кечириптир

Журналисттердин жардамы аркылуу кыргыз искусствосунда булбул үндүү опера ырчысы, КРдин Эл артисти Дарика Жалгасынова тууралуу кеңири маалымат алууга мүмкүнчүлүгүңүз бар. 

Эгерде убактыңыз болсо, дизайнер Замира Молдошеванын менен болгон маекти сунаштайбыз

© Sputnik / Жоомарт УраимовДизайнер Замира Молдошева: ырчылардын талантына карап туруп стилине киришем
Стилист, дизайнер одежды Замира Молдошева - Sputnik Кыргызстан
Дизайнер Замира Молдошева: ырчылардын талантына карап туруп стилине киришем

Бүгүнкүгө ушул гана жетиштүү. Майрам көңүлдүү улансын, кесиптештер. 

Буюрса өлкө боюнча күн ачык болот

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.73 (сатып алуу) жана 68.85 (сатуу) сомду түздү. 

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 36.30 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 39.00 сом, ал эми дизель майы 34.50 сомдон сатылууда. 

Соңку сөз ордуна: Сүйүктүү кесиптештер, калемиңиздер курчуп, клавиатура бузулбасын. 

Бүгүнкү күн тынч өтүп, жакшы майрамдаңыздар. Урматым менен Исмаил Мамытов.

Жаңылыктар түрмөгү
0