БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Чоң-Кара айылындагы чек ара заставасынын ачылышына катышканын президенттин маалымат кызматы билдирди.
![Президент Алмазбек Атамбаев Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Чоң-Кара айылындагы чек ара заставасынын ачылышына катышты Президент Алмазбек Атамбаев Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Чоң-Кара айылындагы чек ара заставасынын ачылышына катышты - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103019/85/1030198501_17:0:1600:995_600x0_80_0_0_32ddd624edea0070ba64786c9b2f4c03.jpg)
![Атамбаев өз сөзүндө чек арачылар менен сыймыктана турганын белгиледи Атамбаев өз сөзүндө чек арачылар менен сыймыктана турганын белгиледи - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103019/83/1030198393_0:151:1599:1156_600x0_80_0_0_1741275ee1cfa54da3a55d42188c10af.jpg)
![Ал ошондой эле күч түзүмдөрүндө жүргүзүлүп жаткан реформалар өз жыйынтыгын берип жатканын айтты Ал ошондой эле күч түзүмдөрүндө жүргүзүлүп жаткан реформалар өз жыйынтыгын берип жатканын айтты - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103019/85/1030198554_67:0:1600:963_600x0_80_0_0_cec493a89ec91786beda680b5d15bada.jpg)
![Иш-чаранын аягында президент Чек ара кызматынын Баткен облусундагы башкармалыгынын жетекчиси Уларбек Шаршеевге 200 миң сомдук сертификат тапшырды. Иш-чаранын аягында президент Чек ара кызматынын Баткен облусундагы башкармалыгынын жетекчиси Уларбек Шаршеевге 200 миң сомдук сертификат тапшырды. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103019/86/1030198619_0:0:1566:984_600x0_80_0_0_33a40a56576c6fa746e6fb8b1b4c5c95.jpg)
Атамбаев өз сөзүндө чек арачылар менен сыймыктана турганын белгиледи.
"Бир кампа башчысынын айынан кээ бир саясатчылар бардык чек арачыларды каралай баштады. Алар кандай оор шартта кызмат өтөп жатканын билишпейт. Мен жана эл силер менен сыймыктанат", — деди өлкө башчысы.
Ал ошондой эле күч түзүмдөрүндө жүргүзүлүп жаткан реформалар өз жыйынтыгын берип жатканын айтты.
"Азыр кызмат өтөө жеңил болуп калды. Чакырылгандардын ар бир үчүнчүсү жогорку билимдүү. Азыр аскерлердин техникасы, курал-жарагы мыкты, жеткиликтүү айлык алышат. Жасалып башталган иштер токтоп калбашы керек. Мамлекет армия үчүн эч нерсени аябашы зарыл", — деди Атамбаев.
Иш-чаранын аягында президент Чек ара кызматынын Баткен облусундагы башкармалыгынын жетекчиси Уларбек Шаршеевге 200 миң сомдук сертификат тапшырды.