БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Мухамметкалый Абулгазиев, сиз вице-премьерликке татыктуу эмессиз. Мындай пикирин "Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов парламентте өкмөттүн курамын жана программасын бекитүү каралып жатканда билдирди.
Бабанов эмне үчүн мурунку ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев кызматтан кеткендигине кызыгып, биринчи вице-премьерликке сунушталып жаткан Мухамметкалый Абулгазиевге ачуу сындарды айтты.
"Мухамметкалый Абулгазиев, сиз биринчи вице-премьерликке татыктуу эмессиз. Депутаттар тууралуу ушактарды айткандын ордуна экономиканы өнүктүрүү керек. Депутаттар тууралуу ушак айтканды токтотуңуз. Мындан сырткары, вице-премьерлердин санын кыскартуу керек", — деди Бабанов.
Өкмөт башчылыкка сунушталып жаткан Сооронбай Жээнбеков ИИМде реформа кечеңдеп кеткендиктен улам Кашкар Жунушалиев кызматтан алынганын айтып, вице-премьерлердин өз милдеттери бар экендигин кошумчалады.
Ал эми Абулгазиев бир гана иш тууралуу сүйлөй турганын айтып, Бабановду фактылардын негизинде сүйлөөгө чакырды.