БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. АКШ президенттигине талапкер Хиллари Клинтондун тарапташтары маанайы чөгүп, айрымдары ыйлап жатканын Ассошиэйтед Пресс агенттигине таянуу менен РИА Новости жазып чыкты. Учурда республикачы Дональд Трамп маанилүү делген штаттарда алдыга озуп чыкты.
Маалыматка ылайык, Клинтондун миңдеген тарапташтары анын Нью-Йорктогу штабынын алдында чогулуп турат. Басылма алардын "маанайы чөгүп, айрымдары ыйлап жатканын" белгилейт.
![АКШ президенттигине талапкер Хилари Клинтондун тарапташтары маанайы чөгүп, айрымдары ыйлап жатат АКШ президенттигине талапкер Хилари Клинтондун тарапташтары маанайы чөгүп, айрымдары ыйлап жатат - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103018/56/1030185624_0:0:2759:1734_600x0_80_0_0_4ca8eef0ecf3b282b3440f8bd14516d1.jpg)
![Учурда республикачы Дональд Трамп маанилүү делген штаттарда алдыга озуп чыкты. Учурда республикачы Дональд Трамп маанилүү делген штаттарда алдыга озуп чыкты. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103018/55/1030185514_0:0:3499:2199_600x0_80_0_0_b4bf6729930123285acb251dfbd69974.jpg)
![Клинтондун миңдеген тарапташтары анын Нью-Йорктогу штабынын алдында чогулуп турат. Басылма алардын маанайы чөгүп, айрымдары ыйлап жатканын белгилейт. Клинтондун миңдеген тарапташтары анын Нью-Йорктогу штабынын алдында чогулуп турат. Басылма алардын маанайы чөгүп, айрымдары ыйлап жатканын белгилейт. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103018/54/1030185437_0:48:2885:1863_600x0_80_0_0_b76566eb7070e8eaa3a65db325f2d2e2.jpg)
Ал эми Трамптын шайлоо штабынын жетекчиси Киллиан Конвей бул жакта тескерисинче, адамдардын көңүлү шат экенин жар салды.
Шайлоочулар тандаган өкүлдөр (выборщик) — алдын ала кайсы талапкерге добуш берерин жарыялаган штаттардагы партия өкүлдөрү болуп эсептелет. Ал өкүлдөр талапкерлерге добуш берүү укугун алыш үчүн эл берген добуштун басымдуу бөлүгүнө ээ болуусу кажет. Эл тарабынан тандалган 558 өкүлдүн 270нин добушун алган талапкер жеңүүчү деп табылат.
Аталган өкүлдөр президент үчүн 19-декабрда добуш берип, конгресс шайлоонун жыйынтыгын 2017-жылдын 6-январында расмий бекитип берет.