БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Бишкектеги өзбек элчилигинде Өзбекстандын президентине добуш берүү үчүн шайлоо участкасы ачылат. Бул тууралуу өзбек элчилигинин маалымат кызматы билдирди.
Өзбекстандын президентин шайлоо Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен 2016-жылдын 4-декабрына белгиленген.
"Кыргызстанда туруктуу жашаган жана убактылуу жүргөн өзбек жарандары президенттик шайлоого Айтматов проспектисинде жайгашкан өзбек элчилигинде, №8 шайлоо участкасында добуш бере алышат”, — деп жазылат маалыматта.
Добуш берүү иштери жергиликтүү саат 6:00дөн 20:00гө чейин болот. Элчилик каттоого турбаган өзбек жарандарын консулдук бөлүмгө кайрылуусун жана шайлоочулардын тизмесине киргизүү максатында (0 312) 986-296, 0550-300-201 телефондоруна чалып коюуну өтүндү.