БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин "Республика — Ата-Журт", "Ата Мекен" жана "Өнүгүү — Прогресс" фракциялары өзүлөрүн оппозицияда экенин расмий билдиришти.
Аталган фракциялардын лидерлери Өмүрбек Бабанов, Өмүрбек Текебаев жана Бакыт Төрөбаевдер бул тууралуу парламенттин шаршемби күнкү жыйынында айтышты.
Эске сала кетсек, жаңы куралган көпчүлүк коалициясына КСДП, "Бир Бол" жана "Кыргызстан" фракциялары кирип, ага Иса Өмүркулов лидер болуп шайланган.