БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Картондо уктап, коомчулуктун көңүлүнө алынган үч жаштагы Исхактын үй-бүлөсүнө Кара-Суу шаарынан үч бөлмөлүү батир берилди. Бул тууралуу наристенин апасы Зульфия Усенова аймактык кабарчыга билдирди.
![Картондо уктап, коомчулуктун көңүлүнө алынган үч жаштагы Искактын үй-бүлөсүнө Кара-Суу шаарынан үч бөлмөлүү батир берилди Картондо уктап, коомчулуктун көңүлүнө алынган үч жаштагы Искактын үй-бүлөсүнө Кара-Суу шаарынан үч бөлмөлүү батир берилди - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103020/17/1030201745_107:0:1032:581_600x0_80_0_0_638cd69ae310dffc6b6f524f2fc59ae5.jpg)
![Эскерте кетсек, жай айларында соцтармакта Ош облусундагы болжол менен Кара-Суу базарында картондун үстүндө уктап жаткан баланын сүрөтү талкууга алынган Эскерте кетсек, жай айларында соцтармакта Ош облусундагы болжол менен Кара-Суу базарында картондун үстүндө уктап жаткан баланын сүрөтү талкууга алынган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103020/24/1030202435_52:0:977:581_600x0_80_0_0_aed03b6080cc3b3ffd286bee8f992b1c.jpg)
![Кийинчерээк баланын аты Ихсак экени, апасы Зульфия Усенованын төрт баласы бар экени аныкталганмальчика Исхак Кийинчерээк баланын аты Ихсак экени, апасы Зульфия Усенованын төрт баласы бар экени аныкталганмальчика Исхак - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103020/24/1030202486_0:0:924:580_600x0_80_0_0_022ba65349aadbb4587936109e1ee8ef.jpg)
![Мындан сырткары, үй-бүлөнүн жашаган жери жана документтери жок болгону белгилүү болгон Мындан сырткары, үй-бүлөнүн жашаган жери жана документтери жок болгону белгилүү болгон - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103020/25/1030202538_0:0:924:580_600x0_80_0_0_530257c7843787fc7c2d7799dd22c627.jpg)
![Турак жайдын ачкычын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Кара-Суу райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчилиги тапшырды Турак жайдын ачкычын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Кара-Суу райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчилиги тапшырды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103020/26/1030202641_107:0:1032:581_600x0_80_0_0_e6e2850eb7d74f8a0b0363ea9b351e22.jpg)
![Жаңы үй тиричиликке керектүү буюм жана техника менен жабдылган Жаңы үй тиричиликке керектүү буюм жана техника менен жабдылган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103020/25/1030202590_0:0:924:581_600x0_80_0_0_acb446003af38199fc9d1c0390b95ad8.jpg)
Эскерте кетсек, сентябрда соцтармакта Ош облусундагы болжол менен Кара-Суу базарында картондун үстүндө уктап жаткан баланын сүрөтү талкууга алынган. Кийинчерээк баланын аты Исхак экени, апасы Зульфия Усенованын төрт баласы бар экени аныкталган. Мындан сырткары, үй-бүлөнүн жашаган жери жана документтери жок болгону белгилүү болгон.
"Турак жайдын ачкычын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Кара-Суу райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчилиги тапшырды. Жаңы үй тиричиликке керектүү буюм жана техника менен жабдылган", — деди балдардын апасы.
Ал эми өткөн айда Кара-Суу райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси Куттубек Абдылдаев аталган үй-бүлө мүчөлөрүнүн документтери даярдалганын, үч жашар Исхак бала бакчага барып, балдардын баарына жөлөк пул чегерилгенин билдирген.
Жаңы үйлүү болгон Искак тууралуу Sputnik Кыргызстан даярдаган видеодон көрүңүз>>