АКШ президентине болгон шайлоодо республикачыл Дональд Трамп жеңди, ал эми Москвадагы Кызыл Аянтта 1941-жылда болгон аскердик параддын урматына беш миң аскер марш менен өттү. Пакистандын бийлиги жасалма паспорт үчүн камалган көк көздүү афган кызы, 1985-жылы National Geographic журналынын мукабасына чыккан Шарбат Гулуну депортация кылды.
АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Жаңы Зеландиядагы Эл аралык антарктикалык борборго барса, Германияда Fasching маалынын карнавалы башталды. Чилиде куурулган жумуртканын инсталляциясы жасалды, ал эми Нью-Йоркто Дональд Трамптын жеңгенине каршы нааразылык жүрүшү өттү. Японияда сегиз метрлик робот-динозаврды көрсөтүшсө, россиянын өкмөтүнүн төрагасы Иерусалимде Жаратуучунун табыты храмында сыйынды. Грецияда окуучулар мектеп реформасына каршы митингге чыкса, Бразилияда салтка ылайык, көрктүү жамбаштарды тандашты.
![АКШ президентине болгон шайлоодо республикачыл Дональд Трамп жеңишке жетти. Ал атаандашы демократиялык партиядан чыккан талапкер Хиллари Клинтондон көп добуш топтоду. Сүрөттө: Дональд Трамп, жубайы Мелания жана уулу Баррон АКШ президентине болгон шайлоодо республикачыл Дональд Трамп жеңишке жетти. Ал атаандашы демократиялык партиядан чыккан талапкер Хиллари Клинтондон көп добуш топтоду. Сүрөттө: Дональд Трамп, жубайы Мелания жана уулу Баррон - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103026/07/1030260758_0:0:5472:3648_600x0_80_0_1_9cef31bc86bdf314b16c2747638b7548.jpg)
![Бишкекте майыптар Таш-Мойнок айылынан Ата-Бейит тарыхый-маданий комплексине чейин жөө жүрүш жасап, 2010-жылы 7-апрелде каза болгондорду эскерди. Ири компаниялардын, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, жетим балдар, окуучулар, студенттер, спортчулар, паралимпиадачылардан турган миңге чукул адам Апрель окуясы менен Үркүндүн курмандыктарын эскерип, гүлчамбар койду. Андан соң Куран окулду Бишкекте майыптар Таш-Мойнок айылынан Ата-Бейит тарыхый-маданий комплексине чейин жөө жүрүш жасап, 2010-жылы 7-апрелде каза болгондорду эскерди. Ири компаниялардын, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, жетим балдар, окуучулар, студенттер, спортчулар, паралимпиадачылардан турган миңге чукул адам Апрель окуясы менен Үркүндүн курмандыктарын эскерип, гүлчамбар койду. Андан соң Куран окулду - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103022/88/1030228805_0:0:5762:3846_600x0_80_0_1_56aa3898e97b44ba96d4d4890d91b59f.jpg)
![Москвадагы көркөмдөп муз тебүү боюнча конкурстун баш байгеге болгон таймашында экинчи орунду камсыздаган Елена Радионова (Россия) Москвадагы көркөмдөп муз тебүү боюнча конкурстун баш байгеге болгон таймашында экинчи орунду камсыздаган Елена Радионова (Россия) - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103026/06/1030260694_0:0:3077:2048_600x0_80_0_1_6fe752ff2b42d3c6b51e3759a132914e.jpg)
![Москвадагы 1941-жылдагы Кызыл Аянттагы аскердик параддын урматына болгон аскердик марштын катышуучулары. Ага беш миңден ашуун аскер тартылды Москвадагы 1941-жылдагы Кызыл Аянттагы аскердик параддын урматына болгон аскердик марштын катышуучулары. Ага беш миңден ашуун аскер тартылды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103026/06/1030260633_0:0:4671:3114_600x0_80_0_1_973cc686a141f2e547ddf5a75119b07f.jpg)
![Ак Үйдө Американын учурдагы лидери Барак Обама менен жаңы шайланган президенти Дональд Трамп жолугуп, өлкөнүн ички жана тышкы саясатын талкуулаган. Обама Трампты жаңы боло турган президент ийгиликтүү иштеши үчүн зарыл болгон кадамдын бардыгын жасай тургандыгына ишендирген Ак Үйдө Американын учурдагы лидери Барак Обама менен жаңы шайланган президенти Дональд Трамп жолугуп, өлкөнүн ички жана тышкы саясатын талкуулаган. Обама Трампты жаңы боло турган президент ийгиликтүү иштеши үчүн зарыл болгон кадамдын бардыгын жасай тургандыгына ишендирген - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103026/09/1030260942_0:0:4500:3199_600x0_80_0_1_c2d47f52c1d7f7624140b3332eb61e80.jpg)
![Мосул шаарынан алыс эмес жайгашкан айылда мышыгын көтөрүп алып, транспорт күтүп турган аял. Ирактын түндүк тарабындагы Мосулду 2014-жылы басып алган Ислам мамлекети террордук тобунан куткаруу боюнча аракеттер 17-октябрдан тарта башталган. Ага Ирактын аскерлери, жергиликтүү кошуундар, күрддөрдүн күчтөрү жана АКШ башында турган эл аралык коалициянын аскер аба күчтөрү катышууда Мосул шаарынан алыс эмес жайгашкан айылда мышыгын көтөрүп алып, транспорт күтүп турган аял. Ирактын түндүк тарабындагы Мосулду 2014-жылы басып алган Ислам мамлекети террордук тобунан куткаруу боюнча аракеттер 17-октябрдан тарта башталган. Ага Ирактын аскерлери, жергиликтүү кошуундар, күрддөрдүн күчтөрү жана АКШ башында турган эл аралык коалициянын аскер аба күчтөрү катышууда - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103026/08/1030260879_0:0:6016:4016_600x0_80_0_1_7016d87c904cb487974796205a1941dc.jpg)
![Пакистан бийлиги жасалма паспорт үчүн абакка мөөнөтүн өтөп бүткөн көк көздүү афган кызы, 1985-жылы National Geographic журналынын мукабасына чыккан Шарбат Гулуну депортация кылды Пакистан бийлиги жасалма паспорт үчүн абакка мөөнөтүн өтөп бүткөн көк көздүү афган кызы, 1985-жылы National Geographic журналынын мукабасына чыккан Шарбат Гулуну депортация кылды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103026/09/1030260999_0:0:2915:2045_600x0_80_0_1_454959b8c3ccb851fc863691342e7357.jpg)
![Жаңы Зеландиядагы Эл аралык антарктикалык борборго барган АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри болуп көрбөгөндөй суукка даярданып жатат Жаңы Зеландиядагы Эл аралык антарктикалык борборго барган АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри болуп көрбөгөндөй суукка даярданып жатат - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103026/08/1030260824_0:0:4188:3240_600x0_80_0_1_4a00143051e6376443e077d132d982c8.jpg)
![Германияда Fasching маалынын карнавалы башталды. Майрамдоо саат 11.11ден 11-күндөн 11-айдан тарта февралдын аягына чейин уланат. Муну юмордун мезгили деп койсо болот. Пародисттер, циркачтар жана юморчулар жылдын бешинчи мезгили деп аталган маданий иш-чаралардын кучак жайып тосуп алган адамдары Германияда Fasching маалынын карнавалы башталды. Майрамдоо саат 11.11ден 11-күндөн 11-айдан тарта февралдын аягына чейин уланат. Муну юмордун мезгили деп койсо болот. Пародисттер, циркачтар жана юморчулар жылдын бешинчи мезгили деп аталган маданий иш-чаралардын кучак жайып тосуп алган адамдары - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103026/10/1030261057_0:0:5424:3431_600x0_80_0_1_49eeb3db0c7b37f705f51fa7b9bbb57f.jpg)
![Сантьягонун (Чили) жака-белиндеги аймакта шаар искусствосуна арналган фестивалда куурулган жумуртканын инсталляциясы жасалды Сантьягонун (Чили) жака-белиндеги аймакта шаар искусствосуна арналган фестивалда куурулган жумуртканын инсталляциясы жасалды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103026/13/1030261393_0:0:3500:2334_600x0_80_0_1_c53b0ccca71622274c1844aa86ebbf59.jpg)
![Нью-Йоркто асман тиреген Трамп Тауэрдин аймагында болгон акциянын катышуучулары Дональд Трамптын жеңгенине каршы нааразылык жүрүшүн жасашты. Америкалыктардын бир тобу бир канча штаттарда нааразылыкка чыгып, ал тургай ызы-чуулар да чыгып кеткен. Трамп 8-ноябрда шайлоочулардын көп добушун алып, жеңип чыккан. Жаңы шайланган мамлекет башчынын инаугурациясы 20-январда болот Нью-Йоркто асман тиреген Трамп Тауэрдин аймагында болгон акциянын катышуучулары Дональд Трамптын жеңгенине каршы нааразылык жүрүшүн жасашты. Америкалыктардын бир тобу бир канча штаттарда нааразылыкка чыгып, ал тургай ызы-чуулар да чыгып кеткен. Трамп 8-ноябрда шайлоочулардын көп добушун алып, жеңип чыккан. Жаңы шайланган мамлекет башчынын инаугурациясы 20-январда болот - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103026/13/1030261337_0:0:3076:2048_600x0_80_0_1_3d0b9148883f64f424fc4e5d82096be0.jpg)
![Япониялык 'On-Art' корпорациясы сегиз метрлик TRX03 робот-динозаврды элге көрсөттү Япониялык 'On-Art' корпорациясы сегиз метрлик TRX03 робот-динозаврды элге көрсөттү - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103026/12/1030261282_0:0:3150:2276_600x0_80_0_1_89688d6fe68331a7c7761673868d52a8.jpg)
![Россиянын өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев Иерусалимде Жаратуучунун табыты храмында сыйынды Россиянын өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев Иерусалимде Жаратуучунун табыты храмында сыйынды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103026/11/1030261114_0:0:2938:2048_600x0_80_0_1_2dd91c336fc49335959f20022e0d1302.jpg)
![Грецияда окуучулар мектеп реформасына каршы митингге чыкты Грецияда окуучулар мектеп реформасына каршы митингге чыкты - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103026/12/1030261225_0:0:2200:1519_600x0_80_0_1_39f3584ba2b5c5a4e458fd4931405c0c.jpg)
![Кара түстүү модель Эрика Канеланы Бразилияда өткөн Мисс Бум-Бум — 2016 деп аталган конкурста көрктүү жамбаштын ээси деп табышты. Калыстар тобу тегеректеп ченей келгенде жеңүүчүнүн жамбашы 107 саниметр экендигин жар салышты Кара түстүү модель Эрика Канеланы Бразилияда өткөн Мисс Бум-Бум — 2016 деп аталган конкурста көрктүү жамбаштын ээси деп табышты. Калыстар тобу тегеректеп ченей келгенде жеңүүчүнүн жамбашы 107 саниметр экендигин жар салышты - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103026/11/1030261169_0:0:3543:2149_600x0_80_0_1_54f04302f3fb125b952532e04001cefe.jpg)