БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Жаңы Зеландияда кечээ, жекшембиде магнитудасы 7,9га жеткен зилзала болуп, эки адам каза тапты. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.
Бүгүн жер кайрадан, экинчи ирет силкинип, анын магнитудасы 6,2 деп аныкталды.
Жергиликтүү басылмалардын берген маалыматына караганда жекшемби күнкү жер титирөөдөн эки адам каза тапкан.
Адистер зилзалага цунами себепкер болгондугун айтышты.
Жаңы Зеландия аркылуу Тынч океандын "оттуу шакекчеси" — жанар тоо менен тектоникалык катмарлар 40 чакырымдап өтөт. Бул шакекче Тынч океанды курчап, Түндүк жана Түштүк Америка аркылуу Аляскага чейин жетип, андан Япония, Индонезия жана Филиппиндер өлкөсүнө бурулат. Ал Жаңы Гвинея, Жаңы Зеландияга барат.
Адистер "оттуу шакекчеде" жана тоолордун бир тобу жайгашкандыгын, Жер шарындагы болгон жер силкинүүлөрдүн 90 пайызы ушул жерде катталарын айтышат.