БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Казакстандын Улуттук банкынын төрагасы Данияр Акишев аталган банк 1-декабрь президенттин күнүнө жана Казакстандын эгемендүүлүгүн 25 жылдыгына карата өлкө башчы Нурсултан Назарбаевдин сүрөтү түшүрүлгөн акча чыгарат. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги маалымдады.
![Казакстандын Улуттук банкынын төрагасы Данияр Акишев аталган банк 1-декабрь президенттин күнүнө жана Казакстандын эгемендүүлүгүн 25 жылдыгына карата өлкө башчы Нурсултан Назарбаевдин сүрөтү түшүрүлгөн акча чыгарат Казакстандын Улуттук банкынын төрагасы Данияр Акишев аталган банк 1-декабрь президенттин күнүнө жана Казакстандын эгемендүүлүгүн 25 жылдыгына карата өлкө башчы Нурсултан Назарбаевдин сүрөтү түшүрүлгөн акча чыгарат - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103028/59/1030285909_331:0:2048:1078_600x0_80_0_0_0585bbc077d7ec31bee478c66f2d481d.jpg)
![Улуттук банктын төрагасы купюраларга өлкө тарыхына зор салым кошкон адамдардын сүрөтү түшүрүлүп келгенин баса белгилеген. Улуттук банктын төрагасы купюраларга өлкө тарыхына зор салым кошкон адамдардын сүрөтү түшүрүлүп келгенин баса белгилеген. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103028/59/1030285913_115:0:1848:1088_600x0_80_0_0_f9fb0495bdcd42854e6759f3a1ee4ee5.jpg)
Анын айтымында, эгемендүүлүктүн тарыхы президент Назарбаев менен тыгыз байланышта.
"Бүгүнкү күндө Казакстан эл аралык деңгээлде тең укуктуу мамлекет болуп саналат. Казакстандын эгемендүүлүк алгандан берки жетишкендиктеринин баарында Нурсултан Назарбаевдин салымы чоң", — деди Акишев Астанада өткөн жыйында.
Улуттук банктын төрагасы купюраларга өлкө тарыхына зор салым кошкон адамдардын сүрөтү түшүрүлүп келгенин баса белгилеген.
"Нурсултан Абишевичтин сүрөтү түшүрүлгөн акча өз ордун табат деген ойдомун", — деди Данияр Акишев.
Ошондой эле ал 1993-жылдагы жаңы акчанын дизайнын өлкө башчы ойлоп тапканын айтып, өлкөнүн 25 жылдыгына карата жаңы монета чыкканын да кошумчалады.