БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Кайгуул кызматы жалпы жарандардан Бишкекте аялды өлтүрө сүзүп кеткен айдоочуну табууга жардам сурады.
© Видео / предоставлено УМП ГУВД Бишкека
Кырсык бүгүн таңкы саат 06:50дө "Кудайберген" базарынын жанында Дэн Сяопин менен Патрис Лумумба көчөлөрүнүн кесилишинде катталган.
"Сүзгөн унаанын жарык берүүчү айнектеринин сыныктарына караганда Honda Stream үлгүсүндөгү унаа болушу ыктымал", — деп айтылат Кайгуул кызматынын маалыматында.
© Фото / предоставлено УМП ГУВД БишкекаАвтомобиль совершивший наезд со смертельным исходом на пересечении проспекта Дэн Сяопина и улицы Патриса Лумумбы
![Автомобиль совершивший наезд со смертельным исходом на пересечении проспекта Дэн Сяопина и улицы Патриса Лумумбы Автомобиль совершивший наезд со смертельным исходом на пересечении проспекта Дэн Сяопина и улицы Патриса Лумумбы - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103030/78/1030307826_0:0:960:1280_600x0_80_0_0_eeb1b78f7425dc0b79bcde0c615a76c5.jpg)
Автомобиль совершивший наезд со смертельным исходом на пересечении проспекта Дэн Сяопина и улицы Патриса Лумумбы
© Фото / предоставлено УМП ГУВД Бишкека
Милиция аталган унаанын айдоочусу тууралуу кимдир бирөөдө маалымат болсо, тартип сактоо органдарынын 53 22 33, 53 01 81, 0772 188 821 номерлерине байланышып коюусун өтүндү.