БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган ушул жумада Өзбекстан жана Пакистан өлкөлөрүнө расмий иш сапары менен барат. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан агенттиги Түркиянын президентинин маалымат кызматына шилтеме берип жазды.
Эрдоган аталган өлкөлөргө эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө максатында барганы жатат.
"16-ноябрда Түркиянын өлкө башчысы Пакистанга барып, президенти Мамнун Хусейн жана премьер-министри Наваз Шариф менен жолугушат", — деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары Эрдоган Исламабадда парламенттин жана сенаттын алдына чыгып сөз сүйлөп, Наваз Шариф менен бирге Лахорго барып эки өлкөнүн ишкерлеринин жыйынына катышат.
Ал эми 17-18-ноябрда Түркиянын өлкө башчысы Өзбекстанга сапар алып, Самаркандда Өзбекстан президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев менен жолугушат.