БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. 17-ноябрга караган түнү баңгизат сатып жүргөн жеринен "Наби барыга" каймана аты менен таанымал 50 жаштагы Х.М. аттуу жарандын колго түшкөнүн Ош ШИИБ билдирди.
Кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоого алынган.
"Кылмыштуу топтун мүчөсү менен кошо 19 жаштагы дагы бир шектүү жаран кармалган. Ал буга чейин уурулук, тоноо жана каракчылык фактылары менен алты жолу соттолгону белгилүү болду", — деп айтылат ШИИБ тараткан билдирүүдө.
Колго түшүрүү аракеттери уюшкан кылмыштуу топтун героин менен кармалган Улукбек аттуу мүчөсүнүн көрсөтмөсү менен жүргүзүлгөн.
Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Аларга карата кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө. Ал эми баш коргоо чарасы 18-ноябрда Ош шаардык соту тарабынан каралат.