Камчыбек Ташиев "Ата Журт" партиясын кайра күчтөндүү максатында Адахан Мадумаров, Акматбек Келдибеков сыяктуу саясатчылар менен башын бириктиргени турат. Бул тууралуу экс-депутат Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Анын айтымында, учурда оппозиция болчу ири фракциялар бийликке баш ийип беришти.
"Келдибеков жана Мадумаров үчөөбүз биригип, партияны кайрадан түптөп жатабыз. Партияга мамлекетке мыкты кызмат кылган, элдин алдында аброю бийик саясатчылардын башын бириктирүү пландарыбыз бар", — деди Ташиев.
Белгилей кетсек, 2014-жылкы парламенттик шайлоонун алдында эки партиянын биригүүсү менен шайлоого аттанган "Республика – Ата Журт" партиясы кечээ, 17-ноябрь күнү тандемдин бузулганын жар салышты. Эми Ташиев 2017-жылкы президенттик шайлоого "Ата-Журт" партиясын кайрадан күчтөндүрүүнү максаттап жатат.