Рыспек Сарпашев: "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери түнү менен кар күрөштү
"Тазалык" ишканасынын жетекчиси Рыспек Сарпашев Бишкекте түнү менен жааган карга байланыштуу калаанын көчөлөрүн кардан арылтуу иштери түнү менен жүргөнүн билдирди.
"Эртең менен саат бештерде кардын калыңдыгы 5-6 сантиметрден ашып кеткендигине байланыштуу жолду тазалоого үч бригада чыкты. Кар күрөө иштери таң атканча жүргүзүлдү", — деп билдирди Сарпашев.
Ал ошондой эле жолго себүү үчүн 7,5 тоона кум, 637 тонна туз бар экенин кошумчалады.