БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Жаш балбан Ринат Исмаилов Ошто жалпы салмагы 70 тонналык төрт жүк ташуучу унааны тиши менен 65 метрге чейин сүйрөдү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине балбан өзү билдирди.
![Жаш балбан Ринат Исмаилов Ошто жалпы салмагы 70 тонналык төрт КамАЗды тиши менен 65 метрге чейин сүйрөдү. Жаш балбан Ринат Исмаилов Ошто жалпы салмагы 70 тонналык төрт КамАЗды тиши менен 65 метрге чейин сүйрөдү. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103040/57/1030405760_0:123:800:625_600x0_80_0_0_6c5bb65a57fe39dff818c217906b1764.jpg)
![Эске сала кетсек, Исмаилов буга чейин Караколдо бир канча унааларды тиши менен сүйрөп, Кытайдагы конкурска катышууга укук алган. Эске сала кетсек, Исмаилов буга чейин Караколдо бир канча унааларды тиши менен сүйрөп, Кытайдагы конкурска катышууга укук алган. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103039/21/1030392169_0:19:799:522_600x0_80_0_0_7dc81fd0c5c41b9f6c25596524071f17.jpg)
![Жаш балбан учурда 20 жашта. Жаш балбан учурда 20 жашта. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103039/22/1030392235_0:279:1000:907_600x0_80_0_0_187d710ae382dca524ae0bf19603c054.jpg)
Эске сала кетсек, Исмаилов буга чейин Караколдо бир канча унааларды тиши менен сүйрөп, Кытайдагы конкурска катышууга укук алган.
"Ошко тойго өнөр көрсөткөнү барып, чакыруулар көп болгондуктан улам бир аптага чукул туруп калдым. Анан суранычтар боюнча жүк ташыган унааларды тиш менен тартууга бел байладым. Көпчүлүк элдин сүрөөнү менен жалпы салмагы 70 тонна болгон төрт камазды 65 метрге чейин сүйрөдүм", — деди Исмаилов.
Жаш балбан учурда 20 жашта. Ал Кытайдагы Х-Фактор сынагына катышып, кийинки турга өткөн. Жакынкы күндөрү сынакка катышуу үчүн аттанганы турат.