БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Борбор калаадагы көп кабаттуу үйлөрдүн бешинчи кабатынан учуп түшкөн киши мүрт кетти. Бул туурасында Sputnik Кыргызстандын редакциясына күбө болгон кишилер кабарлады.
Кырсыктуу окуя Ибраимов просепектиси менен Түгөлбай ата көчөлөрүнүн кесилишинен алыс эмес жердеги тогуз кабаттуу үйдө болгон.
![Борбор калаадагы көп кабаттуу үйлөрдүн бешинчи кабатынан учуп түшкөн киши мүрт кетти. Борбор калаадагы көп кабаттуу үйлөрдүн бешинчи кабатынан учуп түшкөн киши мүрт кетти. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103050/58/1030505857_135:0:1280:720_600x0_80_0_0_3e08d574a29476a36da894bfc9824f17.jpg)
![Кырсыктуу окуя Ибраимов просепектиси менен Түгөлбай ата көчөлөрүнүн кесилишинен алыс эмес жердеги тогуз кабаттуу үйдө болгон. Кырсыктуу окуя Ибраимов просепектиси менен Түгөлбай ата көчөлөрүнүн кесилишинен алыс эмес жердеги тогуз кабаттуу үйдө болгон. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103050/58/1030505863_0:0:1144:720_600x0_80_0_0_ce3fba1338298c9796a1bbff4c315b0f.jpg)
![Ал жерге чакыруу менен келген милиция кызматкерлеринин айтымында, маркум 29 жашта экен. Ал жерге чакыруу менен келген милиция кызматкерлеринин айтымында, маркум 29 жашта экен. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103050/58/1030505869_94:0:1239:719_600x0_80_0_0_798dede19cc7bd85f16a6a6fc6ae3dc7.jpg)
Ал жерге чакыруу менен келген милиция кызматкерлеринин айтымында, маркум 29 жашта экен.
"Биздин маалыматтарга караганда, бул киши үч жылдан бери метадон ыкмасын колдонуп келген (баңгизаттарын ийне менен сайынууну ордуна коолонулган альтернативалуу жол). Ал апасынан лагман жасап бер деп суранган. Энеси азык-түлүк алыш үчүн дүкөнгө чыгып кетип, кайра келгенде ачык калган терезе менен жерде жаткан баласынын сөөгүн көргөн", — деп айтып беришти милициядан.
Ал эми каза болгон кишинин кошуналары эч кандай ашыкча дабыштарды укпагандыгын айтышкан.