ӨКМ өкүлү: Шерипова: Бишкектеги өрттөн 750 чарчы метр аянт күйдү
"Аалы Токомбаев №46 дарегинде жайгашкан мекеме күйүп жатат деген маалымат өрт өчүрүү кызматына эртең мененки саат 8.40 түшкөн. Өрт өчүрүү үчүн сегиз бөлүм тартылды. Өрт чыккан аймакта Бишкек шаардык куткаруу кызматы, Бишкек шаардык ӨКМ ыкчам тобу, кризистик кырдаалдар башкы борборунун кыймылдуу пункту, Тез жардам кызматы иштеп жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча 750 чарчы мерт жер күйүп кетти", — деп билдирди Шерипова.
Шерипова имараттын сырты пенопласт менен капталып, өрт өчүрүүчүлөр суу ала турган гидранттар коюлбагандыгын айтышкандыгын кошумчалады.