Табылды Акеров: Ташиев, Келдибеков, Мадумаров президенттик шайлоо үчүн бирикти
Эске сала кетсек, аталган үч саясатчы бүгүн, 30-ноябрда маалымат жыйын куруп, бириккендиктерин билдиришкен.
"Мадумаров, Ташиев, Келдибеков биригүүсүнүн бир гана максаты бар. Ал президенттик шайлоодо жеңишке жетүү. Бул биригүү канча мөөнөткө созулуусун айтуу кыйын", — деди Акеров.
Саясий серепчи, учурдагы Текебаев менен Атамбаевдин айланасындагы чырды эске салып, бул биригүү Текебаевдин түштүктөгү күчүн азайтышы мүмкүндүгүн кошумчалады.