БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Кинорежиссер Болот Шамшиевдин "Манасчы" тасмасы Бишкекте өтө турган кыска метраждуу тасмалар фестивалын ачып берет. Бул тууралуу "Айтыш" коомдук фонду маалымдады.
Илимий негизде тартылган "Манасчы" тасмасы улуу манасчы Саякбай Каралаевге арналган. Аталган тасма Германиядагы эл аралык фестивалда 80 өлкөнүн ичинен баш байгени жеңип алган. Фильмде улуу манасчы тууралуу кызыктуу жана өзгөчө кадрлар камтылган.
Кыргызстан кыска метраждуу тасмалардын мекени аталышындагы фестиваль быйыл 6-жолу өткөрүлүп жатат. Ал 12-декабрдан 15-декабрга чейин "Манас" кинотеатрында өтмөкчү.