БИШКЕК. 4-дек. — Sputnik. Бүгүн жети күндөн бери "Супара" этнографиялык комплексте өтүп жаткан жети күндүк Манас айтуу иш-чарасы аяктап, филармонияда Манас күнү салтанаттуу белгиленет.
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин айтымында, иш-чара саат 16-00дө башталып, ага бийлик өкүлдөрү, ЖК депутаттары, өнөр адамдары катышат.
"Салтанат "Манас" тасмасы менен ачылып, куттуктоолор менен коштолот. Театрлаштырылган оюн-зоокко Алтынбек Максутов режиссерлук кылууда", — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
"Манас" эпосунан үзүндү коюлуп, концертти филармониянын "Эл ырчысы Эстебес", "Эл шайырлары" фольклордук топтору менен "Ак Марал" бийчилер тобу, акындар, ырчылар коштойт.