00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
14:50
8 мин
14:58
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
06:58
2 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Максимальный репост
Проект документа о регуляции работы «удаленщиков»: будет ли он работать на практике
16:05
21 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Кыргызстан улуттук инвестициялык фонд түзмөй болду. Эмне ши аткарат?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Иногда не хватает нескольких баллов – почему престижно поступать на Медфак КРСУ?
18:07
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Россиялык режиссер кыргыздын Король Лирин жаратты. Король Лир спектакли тууралуу маек
19:06
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Между строк
Любимец классиков: почему русские писатели обожают Чехова?
20:06
37 мин
Ачык кеп
Мал базарлар, мал соючу жайлардын абалы кандай?
23:05
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жалал-Абад: КСДП талапкерлердин тизмесин өзгөртүп, мыйзамга ылайыкташтырды

© Sputnik / Табылды КадырбековКСДП партиясынын желекчелери. Архив
КСДП партиясынын желекчелери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалал-Абад шаардык кеңешке аттанган КСДП партиясынын тизмеги боюнча чыр чыгып, айрымдар партияны шайлоодон четтетүү талабын койгон.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан КСДП партиясына эскертүү берилди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган комиссиянын мүчөсү Дамир Жүндүбаев билдирди.

Эске сала кетсек, буга чейин КСДП партиясынын Жалал-Абад шаардык кеңешке аттанып жаткан талапкерлердин тизмесинде аялдардын квотасы сакталбагандыгы айтылып, "Ата-Журт", "Ата Мекен" жана "Өнүгүү — Прогресс" партияларынан аларды шайлоодон четтетүү боюнча арыз түшкөн.

"Аталган маселе боюнча аймактык шайлоо комиссиясынын жыйыны өтүп, КСДП партиясына эскертүү берүү, аталган партиянын тизмесин түзгөн ыйгарым укуктуу өкүлүн четтетүү жана Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы Бактыкан Нуралиеваны кызмат ордунан алуу чечими кабыл алынды. Анткени мыйзам боюнча төрайым 24 саат ичинде партиянын тизмесин карап, кемчиликтер болсо айтышы керек болчу. Ал айткан эмес. Эгер убагында айтылганда маселе жаралмак эмес", — деди Жүндүбаев.

Ал аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы Бактыкан Нуралиеваны ордунан бошотуп, жаңысын шайлоого убакыт тардыгын айтып, шайлоого 10 күн калганда комиссия мүчөлөрүн алмаштырууга болбой турганын кошумчалады.

Мындан сырткары, Жүндүбаев учурда КСДП тизмесин өзгөрткөндүгүн кошумчалады.

"КСДП шайлоодон четтетилбейт. Анткени мыйзам боюнча тизмени убагында берген. Алар шайлоого 3 күн калганга чейин тизмени өзгөртүүгө укуктуу. Учурда тизмесин өзгөртүп, мыйзамга ылайыкташтырып беришти", — деди ал.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы" Ата-Журт", "Ата Мекен" жана "Өнүгүү — Прогресс" партияларынын КСДПны шайлоодон четтетүү боюнча арызын четке кагып, тизме боюнча күнөөнү аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымына койду.

Жалал-Абад шаардык кеңешке ат салышкандардын тизмеcин Sputnik Кыргызстандын инфоргафикасынан көрө аласыз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0