БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 15-16-декабрында Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда Хан Кошойдун элесине арналган эл аралык турнир болот. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдирди.
Ага Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын балбандары күч сынашат.
Мелдеш улуттук кыргыз күрөшүн жайылтуу жана кыргыз элинин баатыры Хан Кошойду эскерүү максатында уюштурулууда. Анда балдандар 55, 60, 66, 74, 84, 96 жана 96 килограммдан жогорку салмак боюнча күч сынашат.
Спорттук иш-чараны Кыргыз күрөш федерациясы жана Улуттук оюндардын түрү боюнча дирекция уюштурууда.